• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Россиянын ИИМдин тутумундагы жогорку окуу жайлардан быйыл 21 угуучу окуусун аяктоодо

29 Теке 201910:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 29.07.2019. Govori.TV

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнөн милициянын полковниги Раим Салимов Россия Федерациясынын Улуттук гвардиясынын аскеринин Санкт-Петербург шаарындагы аскер институтунун плацында өткөн Россиянын ИИМдин Санкт-Петербургдагы университетинин бүтүрүүчүлөрүнө жогорку билимге ээ болгондугун тастыктаган дипломдорду тапшыруу аземине катышты. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматынан белгилүү болду.


Ага министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдөрүнүн жетекчилери, Россиянын ИИМдин Санкт-Петербург шаары жана Ленинград облусу боюнча башкы башкармалыгынын, Россиянын ИИМдин ардагерлер уюмдарынын, андан сырткары укук коргоо органдарынын жана дипломатиялык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Аталган окуу жайды быйыл 424 курсант, анын ичинен 74 эң жакшы, 10 алтын медаль менен аяктады.


Россиянын ИИМдин Санкт-Петербург университетинин чет өлкөлүк адистерди даярдоо факультетинен 2019-жылы КМШ катышуучу-өлкөлөрдүн ичинен 14 угуучу аяктап, анын ичинен Кыргыз Республикасынан 8 угуучу аяктаса, 3 угуучу эң жакшы деген баада аяктап, экөөсү Кыргызстандан болот.


Россиянын ИИМдин тутумундагы университетте бүгүнкү күнү Кыргызстандан 125 угуучу окуп жатат. Санкт-Петербургдук университетте болсо 22 угуучу окууда, алардын ичинен 8 угуучу окуусун аяктаса, ал Россиянын ИИМдин тутумундагы жогорку окуу жайлардан быйыл 21 угуучу окуусун аяктоодо.

Количество просмотров: 17