• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанга келди

4 Бирдин айы 2019 11:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.02.2019. Govori.TV.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 4-февралда Бишкекке келди.

Орусиянын тышкы иштер министринин расмий сапарынын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу өткөрөт.

Лавров ошондой эле кыргыз кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен жолугат. Эки тарап Владимир Путиндин Кыргызстанга келишине даярдык көрүүнү талкуулашат.

Мындай тышкары Лавров Кыргыз-Орус-Славян университетинин студенттеринин алдына чыгып сөз сүйлөйт.

Эске салсак, Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик визити март айынын аягында болоору күтүлүүдө.

Лавров Кыргызстандан кийин Түркмөнстан менен Тажикстанга барып, бул өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолугат.

Количество просмотров: 42