• Жекшемби 7 Кулжа 2026
  • Воскресенье 7 Июнь 2026

Өрттүн кесепетинен турак жайдын бөлүгү,оор жүк ташуучу унаа жана контейнер толугу менен күйүп кетти

15 Жалган куран 201914:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.03.2019.Govori.TV.

Алдын ала маалымат боюнча, Архангельск көчөсүндө (Костонай жана Садыгалиева эмес) жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 12:06 түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм, Штаб жана саат 12:30да ӨКМдин Кризистик кырдалдарды башкаруу борборуна ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары жерине ИИМ, РЭТ кызматкерлери жана Тазалык ишканасынан суу ташуучу унаалары тартылган.

«Өрттүн кесепетинен 1 турак жай бөлүгү менен (частично), 2 турак жайдын чатыры, 1 оор жүк ташуучу унаа толугу менен, контейнер толугу менен күйгөн. Өрт саат 13:18 чектөөгө алынып, толугу менен өчүрүү иштери уланууда. Алдын ала, каза болгондор жана жабыр тарткандар жок»,- деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 14