• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Өрттөн улам Гран-Канария аралында 9 миңден ашуун адам көчүрүлдү

21 Баш оона 2019 9:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.08.2019.Govori.TV.

Испаниянын Гран-Канария аралындагы токой өртүнө байланыштуу көптөгөн калктуу конуштардан тогуз миңден ашуун киши көчүрүлдү. Он миң гектар аянтты жалын курчады. Жабырлануучулар тууралуу маалымат жок.

Чукул жардам кызматынын маалымат катчысы айылдардын биринде 100дөй жашоочу өз убагында көчүрүлбөй калганын, себеби жол татаал экенин билдирди.

Аралдын түндүк-батышындагы Тамадаба жаратылыш паркын да өрт чалды. Жогорку температура жана катуу шамаалдан улам өрттү өчүрүү кыйынга турууда. Айрым аймактарда жалындын бийиктиги элүү метрге чейин жетти.

Гран-Канария аралы туристтер арасында абдан популярдуу. Былтыр бул жерге 13,5 миллион киши келген. Канар аралдарынын өкмөтү тоолуу аймактардагы өрт курорттордогу эс алууга кедергисин тийгизбей турганын билдирүүдө.

Количество просмотров: 4