• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

«Рух Ордодо» Турдакун Усубалиевдин айкели орнотулду

2 Жетинин айы 201916:14 Бишкек Govori.TV

Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» комплексине Кыргыз Эл Баатыры, мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин айкели орнотулду.

Эстеликтин ачылыш аземи бүгүн, 2-ноябрда, болду. Аталган иш-чарага коомдук ишмерлер жана бийлик өкүлдөрү, президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Курманбек Дыйканбаев, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев катышты.

Мамлекеттик ишмердин айкели демөөрчүлөр тарабынан жасалып, 100 жылдык мааракесине карата тургузулган.

Туурдакун Усубалиев 1961-жылдан 1986-жылга чейин Кыргызстан Компартиясынын борбордук комитетинин биринчи секретары болуп иштеген. Тагыраагы, Кыргызстанды 25 жыл жетектеп турган. Ал 2015-жылы 7-сентябрда 96 жашында узак оорудан кийин дүйнө салды.

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин 100 жылдыгы өлкөнүн булуң-бурчунда белгиленип, ага карата бир топ иш-чаралар уюштурулууда.

Булак: Спутник.кж

Количество просмотров: 76