• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Руслан Акматбек: Сөз эркиндиги Кыргызстанда жалгыз иштеп жаткан натыйжалуу институт

9 Бирдин айы 2023 12:35 Бишкек Govori.TV

Сөз эркиндиги Кыргызстанда жалгыз иштеп жаткан натыйжалуу институт. Мындай пикирин бүгүн, 9-февралда медиа эксперт Руслан Акматбек журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, акыркы учурда ЖМКлар чектөөгө, кысымга кабылып жатат.

«30 жылдан бери өлкөнү көп жамандыктан, артка кетүүдөн, жардын кырынан сактап калган ушул сөз эркиндиги болгон. Ал эми бүгүнкү күндө ошол институт кандайдыр бир чектөөлөргө кабылып жатат. Бул биринчи жолу болуп жаткан жок. Анткени ар бир келген бийликтин тушунда сөз эркиндигине кайсы бир деңгээлде чектөөлөр болгон. Себеби жогорку кызматка келгендер тилекке каршы турмушту жеңилдетпей, реформа жүргүзө албай, жарандардын көйгөйүн чече албай сынга кабылган. Ошондуктан ал сындарды уккусу келген эмес»,-деди медиа эксперт.

Количество просмотров: 170