• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Турдалиев: «Азаттык» боюнча чечим жалпы ЖМКларга сокку

27 Чын куран 2023 19:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту Маданият министрлигинин «Азаттыкка» каршы доо арызын канааттандырып, басылманын ЖМК катары ишмердигин токтотуу чечимин чыгарды.

Медиа эксперт Айбек Турдаалы соттун чечими тууралу өз пикирин айтып, «Азаттык» боюнча чыккан соттун чечими жалпы ЖМКларга сокку экенин айтты.

«Ленин райондук сотунун мындай кабыл алган чечими жалпы медиага, жалпы сөз эркиндигине болгон сокку болду. Бул бир гана Азаттыкты жабуу менен чектелбестен жалпы сөз эркиндигине болгон көз карашты, демократиялык баалуулуктарга сокку», — деди ал

Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы — “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгонун маалымдашкан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга негиздеп жатат.

23-январда Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылган.

Доо арызында мекеме кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериал өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген.

«Азаттык Медиа» бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет.

Количество просмотров: 70