• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Маматокторов: “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамын жокко чыгаруу керек

7 Бирдин айы 2023 13:45 Бишкек Govori.TV

“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамын жокко чыгаруу керек. Бул тууралуу Бишкектеги сөз эркиндиги талкууланган жыйында медиа эксперт Шаирбек Маматокторов билдирди.

Анын пикиринде, документке өзгөртүү киргизилсе деле абал жакшырбайт.

“Долбоорду оңдоп-түзөп, башка формада кабыл алабыз дегенибиз туура эмес. Мыйзам кабыл алуунун принциптеринде жарандардын жашоосун оорлото турган мыйзамдарды кабыл албаш керек. Өз ара мамилелерди «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзамы менен чечишип алсак болот. Ошон үчүн бул мыйзам түпкүлүгүнөн болбошу керек эле», — деди Маматокторов.

Бишкекте 7-февралда «ЖМКга жана сөз эркиндигине басым жасоо: «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө мыйзамдын иш жүзүндө колдонулушу» деген аталыштагы жыйын өтүп, ага депутаттар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жарандык активисттер катышты.

Количество просмотров: 71