• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сатаев: “Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзамды артка чакыруу керек

14 Аяк оона 2022 16:18 Бишкек Govori.TV

 “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамды артка чакыруу керек. Мындай пикирин медиа эксперт Өмүрбек Сатаев билдирди.

Анын айтымында, аталган мыйзам фейктерге каршы эмес, көз карандысыз медиаларга иштеп жатат.

«Бул мыйзамга журналисттер башынан эле каршы болчу. Анткени тобокелдиктерин алдын ала көргөнбүз, ал эми бүгүн күбө болуп жатабыз. Res Publica менен 24.кg маалымат агенттигин бөгөттөө аракети болду. Мыйзам фейктерге каршы иштебей жатканын турмуш көрсөтүп жатат. Ошондуктан “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамды артка чакырууга азыр деле кеч эмес»,-деди ал.

Серепчи интернеттеги фейк маалыматтар менен күрөшүү үчүн буга чейинки бар эрежелердин алкагында иш алып барса болорун кошумчалады.

Количество просмотров: 103