• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Руслан Бекназаровдун ордуна жаңы айыл өкмөт башчы шайланды

6 Баш оона 20191:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06.08.2019. Govori.TV

Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнө жаңы башчы шайланды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, 24-июлда Кара-Суу айыл өкмөтүндө шайлоо өтүп, ага жергиликтүү кеңештеги 21 депутаттын ичинен 16 депутат катышкан. Айыл өкмөт башчынын ордуна Дөөлөт Миңбаев менен Алибек Ташкулов ат салышты. Жыйынтыгында 15 депутат Дөөлөт Миңбаевге добуш берсе, 1 депутат баарына каршы добуш берген.

Дөөлөт Миңбаев 1978-жылы туулган. Ал биология жана экология боюнча жогорку билим алган. 20 жылга жакын мектепте биология сабагынан мугалим болуп иштеген.

Ал эми Кара-Суу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Руслан Бекназаров Президенттик аппараттын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн эксперти болуп дайындалган.

Количество просмотров: 15