• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Руслан Чойбеков ЖКга депутат болуп келди

16 Чын куран 2018 16:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 16.01.2018. Govori.TV

«Кыргызстан» партиясынын Жогорку Кеңешке карата талапкерлик тизмеси менен бүгүн Руслан Чойбеков парламентке депутат болду. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Анда белгилүү болгондой, аталган партиядан ЖКда депутат Асылбек уулу Дамирбек Казакстандын аймагында аткезчиликке айыпталып кармалган эле. Кийинчерээк, анын Казакстандын жараны экендиги аныкталып, бул боюнча тастыктоочу документтер БШКга келип түшкөн. Мыйзамга ылайык. кош жарандуулугу аныкталган Дамирбек Асылбек уулу мандатынан ажыратылып, мандан партиянын тизмесинде 43-сапта турган Руслан Чойбековго ыйгарылды.

Ал Балыкчы шаарында туулган, кесиби экономист, бир катар бизнес, өндүрүш компанияларында жетекчилик кызматтарды аркалаган.

 

Количество просмотров: 40