• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Русланов: «Эки аялдуулукка жол берген мыйзам долбоору даярдалып жатат» деген маалымат чындыкка дал келбейт

4 Үчтүн айы 202420:13 Бишкек Govori.TV

Эки аялдуулукту мыйзамдаштыруу боюнча тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын башчысы Жайыл Русланов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Демилгеленбеген мыйзам долбоору боюнча коомчулукту дүрбөлөңгө салып, жалган маалымат таратуудан алыс болууга чакырабыз. Туура эмес маалыматтарды жайылтып, жалпы элди козуткандардын да мыйзам алдында жоопкерчилиги бар экенин эскертебиз», — деп жазды ал.

Буга чейин социалдык тармактарда Жогорку Кеңеш эки аял алууга уруксат берген мыйзам долбоорун даярдап жатканы тууралуу билдирүүлөр тараган.

Количество просмотров: 161