Айрым ЖМКлар Казакстанда кармалып сурак берген жаран Закир Юбуров экенин жазып чыкты.
Деген менен Закир Юбуровдун бир тууган агасы Тахир Юбуров казак бийлигинин маалыматын четке кагып, видеодогу киши анын иниси эместигин билдирди. Анын айтымында, 31 жаштагы Закир Юбуров соңку бир жарым жылдан бери Алматыда жашап, базарлардын биринде соода кылат. Ал Ивановка айылында туулган.
«Закир менин бир тууган иним. Видеодогу ал эмес. Закирди 7-январда кармашкан экен. Акыркы жолу ал жума намаздан кийин кабарлашкан. Ошол бойдон байланыша албай жатабыз», — деди ал.
Белгилей кетсек, Казакстандын Qazaqstan телеканалы митингдерге катышуу үчүн Кыргызстандан барды делген жарандын сурак берип жаткан видеосун жарыялаган. Ал белгисиз адамдар митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге сунуштап чакырып, самолетко билетин алып берип, батирге жайгаштырганын билдирген.
Ал эми ИИМ аталган жаран музыкант Викрам Рузахунов экенин аныктап, ал Алматыга концерттик программа өткөргөнү барганын кабарлады.
Бул арада жакындары музыкантты террорист катары көрсөткөнүнө нааразы пикирин билдирип, аны бошотуу талабы менен Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына митингге чыкты. Ал эми музыканттын жакын санаалаштары видеодогу Рузахуновдун эле өзү экенин айтууда.