• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Рысалиев: Жээнбековго иштегеним чын, бирок Токтакунов жарыялаган акчаны алган эмесмин

17 Жетинин айы 2018 10:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.11.2018.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев 2017-жылкы шайлоо өнөктүгүндө андагы талапкер Сооронбай Жээнбековго иштегенин мойнуна алып, бирок адвокат Нурбек Токтакунов жарыялаган документтеги акчаны албаганын «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

— Токтакунов кимдин буюртмасын аткарып жатканын билбейм. Эгер чын болсо ошол документтерди алганын ачык жарыяласа же менин кулагыма келип, «эй, Зарыл, ушундан алдым» деп шыбыраса колун кысмакмын, —деди Зарылбек Рысалиев.

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов «президент Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган» деген каражаттарынын тизмесин «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады. Адвокат бул маалыматты былтыр президенттикке талапкердин штабында иштеген «Жээнбековдон да, Атамбаевден да көңүлү калган» ишенимдүү адам бергенин айткан.

Количество просмотров: 41