Бишкек.20.05.2019.Govori.TV.
ЖК депутаты Эльвира Сурабалдиева өзүнүн «Twitter» баракчасына «Ачык Өкмөтү» эл аралык уюмунун катчылыгынын мурдагы жетекчиси, премьер-министр Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин айлыга 5 миң евро болгонбу деп кызыкты.
Ал эми өзү Иманкадыр Рысалиев «Govori.TVга» маек берип жатып, анын айлыгы 900 евро экенин айткан.
«Менин «Ачык Өкмөтү» долбоорунда алган маянам 900 евро, кээ бирөөлөр 9 миң деп жатышыптыр, андай эмес»,-деп аткан Рысалиев.
Ал эми вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Иманкадыр Рысалиев ушул жылдын 1-январынан тарта бекер иштеп бергенин айткан.