• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Рысбек Атажанов: «Мадумаров кечке сүйлөй береби?»

15 Жетинин айы 2022 17:48 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынынында кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча маселе каралууда.

Анда депутат Адахан Мадумаров сөз сүйлөп, суроо берип жаткан учурда анын кесиптеши Рысбек Атажанов сөзүн бөлүп, «Мадумаров эле кечке сүйлөй береби? Мурдагы жыйында Мадумаровдун айынан Чыңгыз Айдарбеков садага чабылганын, мындан кийин сиз да садага чабылып кетпеңиз»,-деп комитеттин төрагасынан жыйынды калыс алып барууну талап кылды.

Мындай талапка депутат Шайлообек Атазов «Мадумаров Кемпир-Абад жайгашкан жерден болот. Андыктан анын сүйлөөсүнө чек коюу туура эмес. Оюн аягына чейин айтсын. Регламентте ой билдирүүгө чектөө коюлган эмес»,-деди Атазов.

Количество просмотров: 721