• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Рыспаев: Биз кыргыздын элитасыбыз…

12 Кулжа 2019 12:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.06.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев бүгүн парламенттин отурумунда ЖКнын төрагасы Дастанбек Жумабековго кайрылып, эл өкүлдөрүнүн укугун коргошу керектигин айтып чыкты.

Депутаттын айтуусунда, Жогорку Кеңеш бир эмес эки жолу «чимкирикке» айланды.

“Коомчулук Жогорку Кеңеш унчукпай эле отура береби деп сөз кылып жатат. Сизге төрага катары кайрылып жатам. Туйгунаалы Абдраимовду кабарчынын кебетеси жакпай деген сөзү үчүн кабарчылар жеп коё жаздашты. Ал эми экс-президентибиз Жогорку Кеңешти «чимкирик» деп улам-улам айтып жатат. Биз болсо унчукпай отурабыз. Дастанбек Артисбекович, сиз биздин укукту коргошуңуз керек. Сиз төрагасыз. Ооздон чыккан сөзгө жооп берсин, мен Жогорку Кеңештин атынан айтып жатам. Бул жерде «чимкирик-какырыктар» жок, кыргыз элинин элиталары отурабыз. Ошондуктан сөздү абайлап сүйлөш керек», — деди эл өкүлү.


Количество просмотров: 27