• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Рыспаев депутаттардын эки күндүк айлыгын каза болгон аскерлердин үй-бүлөсүнө бөлүп берүүнү айтты

18 Аяк оона 2019 10:52 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев кыргыз-тажик чек арасында жана Кой-Таш окуясында каза болгон аскерлердин үй-бүлөсүнө эки күндүк айлыктарын бөлүп берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал ЖКнын жалпы жыйынында айтты.

Белгилүү болгондой Баткен облусунда мекенди коргоп жатып чек арачы каза болду. Артында үч баласы калды. Ошол эле учурда жакында эле Кой-Ташта аскер каза болду. Ушул эки жоокердин үй-бүлөсүнө депутаттар эки күндүк айлык маянасынан жардам катары көрсөтүп койсок, туура болот го деп ойлойм, — деди Рыспаев.

Ал эми төрага Дастанбек Жумабеков бул боюнча токтом кабыл алынбай турганын белгилеп, бирок каалаган депутаттар каражат которсо боло турганын айтты. Ал өзү бул сунушту колдоорун кошумчалап өттү.

Айта кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыккан чыр боюнча бүгүн, 18-сентябрь 14:00дө кыргыз өкмөтү Жогорку Кеңешке маалымат берет.

Количество просмотров: 214