• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Сүлүктүдө 14 жаштагы кызды зордуктоого шектүү кармалды

22 Үчтүн айы 2024 15:02 Бишкек Govori.TV

Сүлүктүдө жашы жете элек кыз зордукталды деген арызга байланыштуу иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Милициянын билдирүүсүнө караганда, шаардын 41 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, анда үстүбүздөгү жылдын 13нөн 14-январына караган түнү кызын Т. аттуу жаран зордуктагандыгын билдирген.

Шаардык милиция Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин (Зордуктоо) негизинде сотко чейинки өндүрүштү баштап, шектүү катары 31деги жергиликтүү тургун кармалган.

Тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө уланууда.

Количество просмотров: 139