• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

«Сүрүбүз, сырыбыз кетип жатат». Депутат бийлик бутактарын ынтымакка чакырды

9 Кулжа 2022 11:29 Бишкек Govori.TV

Бугүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков бийлик бутактары менен кесиптештерин ынтымакка чакырган кайрылуу жасады.

Анын айтымында, Өкмөт мүчөлөрү менен Жогорку Кеңештин ортосундагы мамиле эл арасында талкуу жаратууда.

«Чындыгында күчтүү мамлекет — армиясы күчтүү, алтыны көп, авияциясы күчтүү, атом бомбасы бар же космоско учкан мамлекет эмес, күчтүү мамлекет — адамдардын ойлору, баштары, тилектери бириккен мамлекет. Ошондуктан баарыбыз бириксек, душманыбыз бизден сүрдөйт, Жараткан бизге нур берет, аброй берет. Бул маселе бизде актуалдуу болуп баратат. Үч балакет бар, алар: бөлүнүп-жарылуу, караңгылык жана руханий жардылык. Ушул бөлүнүп-жарылуу деген балекет Улуу Кыргыз Каганаты урагандан бери каныбызга сиңип калгандай, аймак-аймак, клан-клан, тап-тап, бай-кедей деп бөлүндүк. Эми идеологиялык «сен батышчыл, сен чыгышчыл» деген бөлүнүү болуп жатат. Эгерде биз ынтымактуу болбосок, өлкөнү күчтөндүрө албайбыз. Дагы бир «бул саясатчынын, тиги партиянын тарапташы» деп бөлүнмөй пайда болду. Өткөндө көрдүңүздөр, бул жакта болбой турган нерсе болуп кетти. Мен элди аралап келдим. Мурун көпүрөнү, бала бакчаны, суу маселесин сурашчу. Азыр «эмне болуп бара жатасыңар?», «саясий маданиятты бизге көрсөтсөңөр болот беле?» деген сөздөрдү айтып жатышат. Элдин үнүн жеткирүү менин депутаттык милдетим. Көрүп жатасыздар, кыргыздын баатыр жигиттери бир саясатчыны колдоп, экинчисине тил тийгизип жатып ынтымак ыдырап кетет. Ушул күчтү колдон келсе башкаларга көрсөтөлү. Ушул жердеги сөздөн кийин чек арадагы окуя чыкты. Бизге азыр батынбай тап бергендер көбөйдү. Анткени башыбыз, тилибиз бирикпей жатат. Сүрүбүз, сырыбыз кетип жатат», — деди Кадырбеков.

Количество просмотров: 333