• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сүрөт — Хабиб Нурмагомедов жубайынын жүзүн көрсөттүбү?

4 Бештин айы 2018 11:46 Бишкек Govori.TV
Бишкек.04.12.2018.Govori.TV
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов жеке жашоосу тууралуу үн катпай келет. Бирок, анын учурда 1 кыз, 1 уулу бар экени белгилүү. Нурмагамедовдун балдарынын апасы тууралуу азырынча эч кандай маалымат жок. Анын жубайын көргүсү келгендер көп экени айтпаса дагы белгилүү.
Буга чейин мушкердин үйлөнүү тоюндагы видео, сүрөттөр тарап колуктусунун жүзү паранжы менен жабылып, эч бир дене мүчөсү көрүнгөн эмес.
Жакында эле социадык тармактарга Хабиб Нурмагамедовдун оронгон кыз менен түшкөн сүрөтү тарады. Популярдуу мушкердин бул сүрөтү учурда колдонуучулар тарабынан кызуу талкууланып жатат.
Бирок, Хабиб Нурмагамедовго тиешелүү баракча бул фейк маалымат экенин жана сүрөт жасалма деп жазды.
Журналисттер дагы Хабиб Нурмагамедовдун жубайын элге көрсөтүүнү максат кылып, көп аракет жумшашкан. Бирок алардын аракетинен майнап чыккан эмес. Мушкер өзү бул көрүнүштү мусулманчылыктагы эрежелерди сактаганы менен түшүндүрүп келет.

Количество просмотров: 37