• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Сүрөткө түшөм деп сууга агып кеткен 15 жаштагы кыздын сөөгү табылды

24 Кулжа 201914:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.06.2019.Govori.TV.

Аламүдүн суусуна түшүп кеткен 15 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Эске салсак, кырсык 23-июнь күнү кечинде болгон. Ата-энеси, жакындары, ӨКМ кызматкерлери жана окуяга кайдыгер карабагандар түнү менен издөө иштерин жүргүзүштү.

Бүгүн дагы 80 куткаруучу, милиция кызматкерлери менен жергиликтүү тургундар тартылган. Жардам берүүгө Бишкек менен Чүйдүн ар кайсы жактарынан да адамдар келгени айтылды. Окуя Кой-Таш айылында орун алган.

Количество просмотров: 16