Депутат Исхак Масалиев фейсбук баракчасына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун сүрөтүн жайгаштырып, «Кетет, Глеб Егорович, кетет…», — деп орус тилинде билдирүү жазган.
Социалдык тармактын колдонуучулары, министрлер кабинетинин башчысы жакын арада отставкага кетет окшой деген пикирлер менен бөлүшүп жатышты. Постко өз пикирин жазган Эля Орозалиева атуу колдонуучуга Акылбек Жапаров жооп кайтарган.
Колдонуучунун «тилекке каршы, толтура акча, алтын менен кошо кетет» деп жазган. Жапаров ага «сөз үчүн жооп бериш керек», — деп билдирүү калтырган.