• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Сүзмөнү көлөч менен тебелеп жаткан аялдын видеосу тарады

3 Жалган куран 2021 9:30 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда аял киши курут даярдалуучу сүзмөнү буту менен тебелеп жаткан видео тарады. Видео материалдан жерге төшөлгөн ак мүшөктүн үстүндөгү сүзмөнү аял көлөчү менен басып жатканын көрүүгө болот.

«Хабар.уз» жарыялаган маалымат боюнча, бул окуя Өзбекстандагы Самарканд облусунун Иштихан районунда болгон. Белгилүү болгондой, курут жасоо менен алектенгендер Каллахос айылында жашашат.

Видео интернетке тарагандан кийин тиешелүү кызматтар иш алып барышкан. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору буга чейин даярдалган куруттарды жана сүзмөнү жок кылышкан.

Ал эми видеодогу аял үйүндө жолдошу жок болгондуктан күчү жетпей, сүзмөнү буту менен тебелеп баштаганын айткан.

Количество просмотров: 1363