• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«С5 +1» форматындагы жолугушууда Ооганстандагы кырдаал талкууланды

15 Теке 2021 15:15 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында 15-июлда “С5 +1” форматындагы жолугушууда (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана АКШ) Ооганстандагы соңку кырдаал талкууланды.

Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта расмий Бишкек анда Ооганстандагы жагдайдан улам чек ара коркунучтарына тынчсыздануусун билдиргени айтылат.

«Кыргызстан чыр-чатакты жөнгө салууда ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгилеп, бул биринчи кезекте ооган аралык өз ара сүйлөшүүгө негизделиши керектигин билдирди. Жолугушуунун катышуучулары Ооганстандан чыккан коркунучтарга чогуу каршы туруу, экономика жана коопсуздук жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууну макулдашты”,-деп айтылат маалыматта.

Жолугушууда мындан сырткары, коронавирус пандемиясынын кесепетин жоюу, вакциналарды калыс бөлүштүрүү жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында кызматташуу маселеси талкууланды.

“С5+1” аттуу кызматташтык платформасы 2015-жылы түзүлгөн. Анын максаты АКШ менен Борбор Азиядагы өнөктөштөр өз ара экономикалык интеграцияны өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо, коопсуздук маселелерин биргелешип чечүү экени айтылган.

Количество просмотров: 104