Бишкек.29.05.2019.Govori.TV.
Одесса облусунун мурдагы губернатору жана Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили өзүнө украин жарандыгын кайтарып берген президент Владимир Зеленскийге ишеним артты. Ал 28-майда Украина атуулдугунун калыбына келиши тууралуу «Азаттыктын» украин кызматына комментарий берип, Зеленскийдин чечимин «кайраттуу жана татыктуу президенттин чечкиндүү кадамы» катары сыпаттады:
«Менимче, Зеленский көпчүлүк ойлогондон дагы ийгиликтүү президент болот. Мен буга ишенем», — деди Саакашвили.
28-майда Украинанын жаңы шайланып, иштей баштаган президенти Владимир Зеленский Саакашвилиге украин жарандыгын кайтарып берген. Мурдагы президент Петр Порошенко Саакашвилиге 2015-жылдын 30-майында жарандык берип, Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган. Бирок эки жылдан кийин экөөнүн пикири келишпей, бул кызматтан баш тарткан. Порошенко өз буйругу менен Михаил Саакашвилини жарандыктан ажыраткан. Кийинчерээк Саакашвили тарапкерлеринин жардамы менен Украинанын аймагына кирип, Порошенконун кызматтан кетишин талап кылган акция уюштурган.
Өткөн жылы февралда Украинанын Чек ара кызматы Саакашвилинин өлкөгө киришине тыюу салган. Ал быйыл февралда Киевдеги ресторандан кармалып, Польшага депортацияланган. Голландиядан туруктуу жашоого уруксат алган.
Өткөн жумада Саакашвили Зеленскийге кайрылып, украин жарандыгын кайтарып берүүнү өтүнгөн.