• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Саакашвилиге Голландия паспорт берди

15 Бирдин айы 2018 13:00 Бишкек Govori.TV
Бишкек.15.02.2018.Govori.TV
Украина жарандыгынан ажыратып, өлкө сыртына чыгарып салган Грузиянын экс-президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили эми Евробиримдикте кенен жүрүп, жашап-иштей алат.
«Бүгүн Амстердамдамын, акыркы убакта биринчи жолу өздүгүмдү тактаган документим пайда болду. Нидерландыга келерим менен мага өздүгүмдү тастыктаган, Евробиримдикте жашоого, иштөөгө уруксат берген күбөлүк беришти. Бу иштердин бардыгы бир канча гана мүнөт алды. Бирок, мен украин жарандыгымды кайтарым алам деген чечкиндүү маанайдамын»-деген Саакашвили.
Эске салсак, Михаил Саакашвилини Украина чегара кызматы кармап, Польшага өткөзүп салган.
Количество просмотров: 25