Сааашвилинин кармалгандыгы тууралуу «Украинская правда» гезитине «Жаңы күчтөр кыймылынын» лидерлеринин бири Юрий Деревянко билдирген. Анын айтымында, белгисиз адамдар саясатчыны Киевдеги «Сулугуни» ресторанынан кармап кетишкен. Басылманын маалыматы боюнча, Саакашвилини кармаган адамдар «Мамлекеттик чек ара кызматы» деген жазуучу бар кийимчен болушкан.
Белгилүү болгондой, Саакашвили дүйшөмбү күнү кармалып, чек арачылар тарабынан Польшага чыгарылган. Ал былтыр күзүндө чек арадагы тосмодон күч менен өтүп, Украинанын аймагына мыйзамсыз кирген
Саакашвили Варшавага келди. Анын жактоочулары Украина администрациясынын алдында митингге чыгышып, полиция менен кагылышып бир киши кармалган.
Саясатчы Украинага кайта турганын, эми мыйзамдуу түрдө келерин айтты.
Өткөн жылы Украинанын президенти Петр Порошенко Саакашвилини украин жарандыгынан ажыраткан. Буга мурдагы грузин президенти ага карата Грузияда кылмыш иши козголгондугу тууралуу кабарлабагандыгы себеп болгону маалымдалган. Саакашвили качкын макамын сурап өлкөнүн миграция кызматына кайрылган. Киев саясатчыны Украин жарандыгынан ажыратылгандан кийин кошумча коргоого муктаж адам деп табуудан баш тарткан.
Быйыл январда Тблиси соту Саакашвилини Грузиянын президенти болуп турганда кызмат абалын кыянат пайдаланган деп таап, үч жылга эркинен ажыраткан. 5-февралда «Жаңы күчтөр кыймылынын» лидерине Украинада качкын макамын берүүдөн дагы бир жолу баш тартышкан. Саясатчы анда украин бийлиги аны өлкөдөн чыгаруу үчүн формалдуу негиз болсун үчүн ишти кароону атайылап тездетип жатканын билдирген.