• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Саат 12:00гө карата үч жүз миңден ашуун шайлоочу добуш берди

10 Үчтүн айы 2021 12:58 Бишкек Govori.TV

 Мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоодо саат 12:00гө карата 300 миңден ашуун жаран добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн маалымат жыйында билдирди. 

Анын айтымында, референдумга аймактар боюнча алганда Бишкекте 37 миң 500, Ош шаарында 21 миң 260, Жалал-Абад облусунда 63 миң 152, Ысык-Көл облусунда 32 миң 58, Нарын облусунда 19 миң 50, Ош облусунда 66 миң 581, Талас облусунда 13 миң 169, Чүй облусунда 46 миң 312, Баткен облусунда 29 миң 32 жана чет өлкөлөрдө 2 миң 495 жаран добуш берди.

«Ал эми президенттик шайлоого аймактар боюнча алганда Бишкекте 37 миң 942, Ош шаарында 21 миң 324, Жалал-Абад облусунда 62 миң 867, Ысык-Көл облусунда 33 миң 740, Нарын облусунда 18 миң 996, Ош облусунда 66 миң 264, Талас облусунда 13 миң 184, Чүй облусунда 45 миң 452, Баткен облусунда 26 миң 788 жана чет өлкөлөрдө 2 миң 492 жаран добуш берди»,-деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 10-январда өлкөбүздө кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өтүүдө.

Количество просмотров: 48