Бүгүн, 3-июнда депутат Максат Сабиров премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин эмгек өргүүсү тууралуу маселе көтөрдү.
Анын айтымында, премьердин өргүүгө кетүүсүнө коалиция реакция кылыш керек.
«Мен бир нерсеге түшүнбөй турам. Кечээ жакында коңшу Тажикстан менен Өзбекстандын чек арасында кагылышуулар болду. Ошол эле учурда өлкөдө карантиндик режим алына элек. Өкмөт башчы кайда жүрөт? Армениянын премьер-министри коронавирус жуктуруп алгандыгына карабай, үйдө отуруп иштей турганын билдирди. Ал эми биздин өкмөт башчы эс алууда жүрөт. Вице-премьер-министрлерге тапшырып коюп эс алып жатканы туура эмес»,-деди депутат Сабиров.