• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

«Сабырым түгөндү». Актёр Чыңгыз Мамаев президент Садыр Жапаровго кат жолдоду

19 Бештин айы 2022 11:12 Бишкек Govori.TV

«Сот адилеттүү болот деп ишенгем, бирок сабырым түгөндү». Бул тууралуу актёр Чыңгыз Мамаев билдирип, абактан президент Садыр Жапаровго кат жолдоду.

«Менин сиздерге кайрылуу кат жазып жатканымдын себеби, ушул жылдын 29-мартында чет элдик жаранды зордуктады деген жалган жалаа, күнөөсүз айып менен камакка алынгам. Ошондон бери туптуура тогуз айдын жүзү болду. Мага коюлган айып жалган жалаа болгондуктан, сот менден эч кандай айып таба албагандыктан, ишти кайрадан башынан баштап тергөөгө карап чыгуу чечимин чыгарды. Менин күнөөм болуп, кылмыш жасасам, ушул убакка чейин кесилип кетмек элем. Бирок эч кандай күнөө же кылмыш таба албай кайра башка сотко, башка тергөөчүгө жөнөтүп, ушул убакытка чейин мени мыйзамсыз камап отурганына мен түшүнбөй жатам. Мындай түшүнүксүз мамиле менин жанымды кыйнап бүттү. Урматтуу Садыр Нуркожоевич, мен ушул убакытка чейин сот адилеттүү болот деп ишенип элиме, сизге кайрылбай турайын деп ойлогом, бирок сабырым түгөндү. Мен ушул убакка чейин бир дагы жолу мыйзам бузган эмесмин. Учурда менин саламаттыгым дагы начарлап, ооруп жаткан кезим. Бул жалган жалаа үй-бүлөмдүн аброюна да кесепетин тийгизип, келинчегим микроинсульт алды. Кызым жүрөк оорусуна кабылды. Урматтуу Садыр Нуркожоевич! Кайрылуу катымдын аягында менин сот иштерим аягына чыкканча өз көзөмөлүңүзгө алып, мени үй камагына чыгыртууңузду, же сот иштерин тездетип, аягына чыгартып берүүңүздү өтүнөт элем», — деп жазылат катта.

Мамаев 2022-жылы апрель айында зордуктоого шек саналып кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси («Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети») менен иш козголгон.

Актёрго козголгон кылмыш иши 6-декабрда кайра тергөөгө жөнөтүлгөн. Ишти Бишкектин Свердлов райондук соту жабык карап жаткан.

Количество просмотров: 637