• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Садык Шер-Нияз: Бул долбоор Түркмөнстандын Баш мыйзамынан ашып түштү

18 Жетинин айы 2020 12:01 Бишкек Govori.TV

Кечээ кечинде Кыргызстандын бардык аймагында референдумду 2021-жылдын 10-январына дайындоо боюнча мыйзам долбоору талкууга коюлду. Анда азыркы Конституцияны өзгөртүүнү Жогорку Кеңештин 80 депутаты демилгелегени жазылат.

Ал эми мурунку депутат Садык Шер-Нияз бул мыйзам долбоору 20 жылга артка кайтарып сала турган мыйзам болгонун айтты.

“Бул бизге сунушталып жаткан негизги мыйзам да. Окуп чыгып мындан улам менде бул долбоорго кол койгон депутаттар өздөрү түшүнбөй калдыбы деген ой калтырды. Ушул мыйзам долбоорун көрсөтпөстөн эле депутаттардан кол коюп берүүсүн сурануулар болуп жатат деп уккам. Ошонун чын экенине эми ынанып отурам. Бул мыйзам долбоору бизди 20 жыл 30 жылга артка кайтарат. Анткени бул конституцияда көптөгөн механизмдер, мында президенттин диктатурасы. Себеби, анда бири-бирине карама-каршы келген нормалар көп. Мисалы, Жогорку Кеңешти эл шайлап жатса, эмне үчүн анын үстүнөн дагы бир орган болушу керек. Мыйзам долбоору боюнча бардык бийлик президенттин гана колуна топтолот. Сот боюнча эч нерсе жок, соттор ушул эле бойдон иштесе Кыргызстанда таптакыр акыйкаттык болбойт. Демек, бизде президент сот дагы болот, мыйзам чыгаруу бийлигине үстөмдүк кылат, бардык тараптан бийликти алат. Бул долбоор Түркмөнстандын Баш мыйзамынан ашып түштү», — деди ал.

Количество просмотров: 55