• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Кыйындын» катышуучулары учурда башкаларга дем берип жол көрсөтүүдө

21 Бугу 202514:17 Бишкек Govori.TV

“Кыйын” долбоору өлкөнүн жети дубанынан келген 250дөй лидер айымдардын өсүп-өнүгүүсүнө, тажырыйбасын дагы да арттырууга жана жаңы билим алууга шарт түзүп келет.  

Айымдар алган билимин өз ишинде колдонуу менен дагы да арбын жетишкендиктерге жетишип келгени ачык.

Алардын бири «ВИ» коомдук фондунун директору, аялдардын ишкердиги боюнча консультант Жадыра Балабасова “Кыйын” долбоору анын бирөөнүн кол алдында эмес өзүн өнүктүрүп, өзүнө иштөөгө түшүнүк бергенин айтты.

 “Кыйындан” кийин долбоорлор менен иштеп ар бир баштаган ишине өзү толук жоопкерчилик алууну үйрөндүм деген айым дагы да бир топ ийгликтерди багынтуу жана башкаларга да көмөк көрсөтүү менен алек болуп келет.

Ал эми “Кыйындын” алгачыкы тренингдеринин катышуучусу  «Садыр аке» айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 5-чакырылышынын депутаты Рахат Атаканова тренингдин кийинки катышуучуларына билими, тажырыйбасы менен бөлүштү. Ошондой эле Атаканова “Кыйындан” кийинки өзүнүн жетишкендиктерин да айтып берди.

 “Кыйын” айымдардын саясий дараметин гана калыптандырууга багытталбастан, коомдогу ролун арттыруу, өзүнө болгон ишенимин күчөтүү багытында да иш алып барат.

Долбоордун дагы бир катышуучусу Талас облусунун губернаторунун мурунку орун басары, учурда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова дүйнөнү каптаган коронавирус учурунда “Кыйын” долбоорунун онлайн тренингине катышкан.  Ал белгилегендей ошол оор учурда бул долбоор ага дем-күч беген.

5 жыл аралыгында уюштурулуп келген 3 күндүн окутуу тренингдеринен аймактардан келген айымдарга маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, маалымат берүү техникасы, оратордук чеберчилик, журналисттер менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү, жасалма интеллектти өз брендин өстүрүүдө колдонуу жѳнүндѳ окуулар өтүлүп келет. Тренингге жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, дарыгер, жарандык активист, жеке ишкер жана башка өз тармагынын мыктылары катышып келет.

Количество просмотров: 831