• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Садык Шер-Нияз: Маданиятка көңүл бурулбаса келишкис оппозицияга айланам…

25 Чын куран 201917:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.04.2019.Govori.TV.

ЖК депутаты Садык Шер-Нияз өкмөттүн бир жылдык жасаган иши боюнча берген отчетунда маданият тууралуу болгону алты сап гана жазылганын айтып, катуу нааразы болду.

«Кыргызстанды сактай турган эң биринчи өзөк бул анын жери, тили жана маданияты да. Чыңгыз Айтматовдой, Төлөгөн Касымбековдой, Мукай Элебаевдей, Таттыбүбү Турсунбаевадай, Төлөмүш Океевдей, Болот Шамшиевдей кимдин атын атай алабыз? Кимди чыгара алдык? Кайсы инсанды «мына ушуну биз чыгардык» деп айта алабыз? Кимди? Менин оюмча эч кимди айта албайбыз», — деди депутат.

Ал өз билдирүүсүндө: «Эгер маданиятка көңүл бурулбаса келишкис оппозицияга айланам»,- деген пикирин кошумчалап өттү.

Количество просмотров: 35