Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз 3-августта Париждеги Олимпиада шаарчасына барды. Аны Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов, ошондой эле бокс федерациясынын президенти Умбеталы Кыдыралиев коштоп жүрдү.

Элчи кыргыз күрөш боюнча курама команданын машыктыруучулары менен жолугуп, спортчулардын жашоо шарттары менен таанышып, элчилик ар тараптуу колдоо көрсөтөөрүн айтты.
Жолугушуунун соңунда спортчуларга алдыдагы мелдештерде ийгилик каалады.