Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садык Шер-Нияз президенттик шайлоого катышарын билдирди.
Өзүнүн фейсбук баракчасына видеокайрылуу жасаган саясатчы, президенттик шайлоого бара турганы жөнүндө айтты.
Эскерте кетсек учурда 10 киши презиенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз тапшырган. Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.