• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Садык Шер-Нияз: Өзүңөр жакшы билбеген Баш мыйзамды коомчулукка таңуулабагыла

20 Жетинин айы 2020 11:21 Бишкек Govori.TV


Өзүңөр жакшы билбеген Баш мыйзамды коомчулукка таңуулабагыла. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда мурдагы депутат Садык Шер-Нияз Баш мыйзамдын жаңы долбооруна байланыштуу «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» аталышындагы жарандык коомдун жыйынында билдирди.

«Садыр мырзанын командасы эч нерсеге алы келбей, кокустан түшкөн бакыттан баштары айланып калды. Акырында Баш мыйзамдын ушул долбоорун алып чыкканы уят эле иш болду. Ушундайда токтоткула! Анткени биз Конституциянын тарыхый жолунда парламентаризмге келгенбиз. Бир башына курултайды жазып, бир башына президенттик башкарууну сүйрөп баратасыңар. Өзүңөр жакшы билбеген Баш мыйзамды коомчулукка таңуулабагыла», — деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, учурда «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» аталышындагы жарандык коомдун жыйыны өтүүдө.

Жыйынга экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы депутаттар Исхак Масалиев, Садык Шер-Нияз, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов, мурдагы премьер-министр Феликс Кулов жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышып жатат.

Количество просмотров: 145