• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Садыр Жапаров «Ак шумкарларды» колдоп футболго келди

16 Кулжа 2023 21:16 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргыз Республикасы менен Иран Республикасынын курамаларынын ортосунда болгон беттешке барды.

Кыргызстандын футбол курамасы CAFA NATIONS CUP-2023 мелдешинин алкагында Бишкекте Иран менен беттеш өткөрүүдө.

26-апрелде Дүйшөмбү шаарында Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстандын курамаларынын арасында өтө турган CAFA турниринин тайпалык баскычына чүчү кулак ташталган. Анын жыйынтыгында Кыргызстан Ооганстан жана Иран менен «В» тайпасына жайгашкан.

«В» тайпасынын беттештери Бишкекте 10, 13, 16-июнда, ал эми «А» тайпасынын оюндары 11, 14, 17-июнда Ташкентте өтөт.

Количество просмотров: 104