• Шаршемби 2 Бештин айы 2020

Садыр Жапаров Австриянын Федералдык канцлери Курцка Венадагы терактка байланыштуу көңүл айтты

6 ноября 2020 в 14:16 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Австрия Республикасынын Федералдык канцлери Себастьян Курцка Венадагы терактка байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Венада 2020-жылдын 2-ноябрында адам курмандыктарына алып келген теракт жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан терроризмдин бардык аракеттерин кескин айыптайт. Заманбап, ачык коомго түздөн-түз коркунуч келтирген адамдарга карата зомбулукту эч нерсе актай албайт. Бул кайгылуу окуяга байланыштуу австрия элине кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Курман болгондордун туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн тилектештигимди жана колдоо сөздөрүмдү, ошондой эле жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалай турганымды билдирип коюуңузду өтүнөм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Количество просмотров: 49