• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Садыр Жапаров баласынын акыркы сапарга узатуу зыйнатына кое берилиши мүмкүн

26 Баш оона 201917:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.08.2019.Govori.TV.

Камактагы мурунку депутат Садыр Жапаров каза болгон уулу Дастандын тажыясына кое берилеби азырынча белгисиз. Бул тууралуу Govori.TVга ЖАМКтын төрагасынын орун басары Таалайбек Нуралиев билдирди.

«Белгилүү болгондой Жапаровго козголгон кылмыш иши өзгөчө оор кылмыштар категорияга кирет. Андыктан эгер Садыр Жапаров бизге арыз менен кайрылса, ал каралып чыгып, балким уруксат берилет. Буга чейин Жапаров апасына топурак салуу үчүн чыгарылган болчу»,-деди Нуралиев.

Эске салсак, Садыр Жапаровдун улуу баласы Дастан 22-августта жол кырсыгына кабылган. Натыйжада ал бүгүн алган жаракаттарынан улам ооруканада көз жумган.

Количество просмотров: 29