• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Садыр Жапаров боюнча райондук соттун чечимин өзгөрүүсүз калды

19 Баш оона 2019 13:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.08.2019.Govori.TV.

Чүй облустук соту Садыр Жапаров боюнча райондук соттун чечимин өзгөрүүсүз калтырды.

Быйыл 16-июлда Аламүдүн райондук соту Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Жапаровдун жаза мөөнөтүн мунапыска байланыштуу кыскартуу тууралуу сунушун «алты айлык мөөнөт өтүп кетти» деген негизде кабыл алган эмес. Адвокат биринчи инстанциянын чечимине каршы облустук сотко арыз жазган.

ЖАМК Жапаровдун жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-сентябрында бүтөрүн, ага мунапыс берилсе абактагы мөөнөтүн 2023-жылга чейин кыскартууга болорун билдирген.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган. 

Количество просмотров: 16