• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Садыр Жапаров үч аткаминерге сөгүш жарыялады

26 Жетинин айы 2021 13:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-ноябрда, Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын жаз-жай мезгилиндеги Чүй облусундагы кургакчылыкка байланыштуу үч аткаминерге сөгүш жарыялады.

“Үстүбүздөгү жылдын жай айында элди митингге чыгарбай маселени өз учурунда чечүүгө болот эле. Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Эркин Тентишев, айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков жана Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алмаз Сокеевге сөгүш жарыялайм. Үчөөңүздөр тең жетиштүү деңгээлде ишти уюштура алган жоксуңар, кеч болгондо гана маселе чечилди. Бүгүндөн баштап келерки жай мезгилине даярданышыңыздар керек”, — дейт ал.

Количество просмотров: 232