Президенттин милдетин аткаручуу жана премьер-министр Садыр Жапаров кызматын тапшырып берет. Бул тууралуу ал Кочкор районуна барган иш сапарында билдирди.
“10-январда Президенттик шайлоо болот. Мен дагы катышам. Декабрдын башында кызматымды тапшырып, кетем. Эгер шайлоодон өтсөм ажо болом, өтпөсөм сиздердин араңыздарда жүрөм”, — деп билдирди Садыр Жапаров.