• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Садыр Жапаров Макронду куттуктады

26 Чын куран 202217:59 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Эмманюэль Макронду Франция Республикасынын Президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылат.

“Бул жооптуу кызматка кайрадан шайланышыңыз француз элинин Сизге болгон жогорку ишенимин ырастайт.

Мен өз тарабымдан Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы конструктивдүү диалог жана өз ара пайдалуу кызматташтык улантылат деп эсептейм”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Количество просмотров: 139