Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кеңешчиси болгон депутат Акылбек Жапаровду жумуштан бошоткону тууралуу КТРКга берген интервьюсунда билдирди. Садыр Жапаров мындай чечимин Акылбек Жапаровдун үч күндөн бери жумушка келе электиги менен түшундүргөн.
Ал эми Акылбек Жапаров үч күндөн бери кайда болгону тууралуу маалымат берди. Анын айтымында ал сыркоолоп калган, жана ошондой эле коомдук иштер менен алек болуп, бирок Садыр Жапаровго маалымат айттырган эмес. Жапаров кошумчалагандай кызматтан кетирүү же алуу тууралуу чечимди Садыр Жапаров кабыл алгандыктан маалыматты жана себептерин ал өзү да жооп берет деп кошумчалады.
Эске салсак, Акылбек Жапаров Садыр Жапаровдун коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп иштеген.
Кошумчала кетсек, премьер-министр парламенттик шайлоо алдындагы дебаттарда Акылбек Жапаров уят сөздөрдү колдонуп Темирлан Султанбеков менен айтышканы үчүн аны жактырбай калганын да кошумчалаган эле.