• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Садыр Жапаров үй-бүлөсү менен кайсы тилде сүйлөшөт?

26 Бирдин айы 2021 16:25 Бишкек Govori.TV

Үй-бүлөбүз менен салттуу түрдө эне тилибизде — кыргыз тилинде сүйлөшөбүз. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров «Российская газетага» берген маегинде билдирди. Анда журналист Кыргызстандын президентинен “Жубайыңыз орус тилин билеби жана үйдө кайсыл тилде сүйлөшөсүздөр?” деген суроо узаткан.

Жапаров орус тилинин Кыргызстандагы ордуна кеңири токтолгон.

«Баарынан мурда мен төмөндөгүлөргө токтоло кетейин. Сиздер билгендей, Кыргыз өлкөсүнүн Конституциясында жана мыйзамдарында орус тилинин статусун расмий бекиткен мурдагы Советтер Союзунун курамындагы бир нече өлкөлөрдүн бири. Орус тили Кыргыз өлкөсүнүн жашоо-турмушунун бардык тармактарында, медиа чөйрөсүндө, билим берүү системасында, саламаттыкты сактоодо жана өлкөнүн маданий турмушунда колдонулат. Кыргыз үчүн орус тили, биринчи кезекте, орус маданиятынын казынасына, Орусиянын илимий-техникалык жетишкендиктерине жетүүнүн ачкычы, ошондой эле улуттар аралык баарлашуу жана биздин өлкөлөр менен элибиздин маданияты, тарыхы, каада-салттары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн берет. Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын ортосундагы орус тилин үйрөнүүгө багытталган маданий-гуманитардык кызматташуунун алкагында мектеп мугалимдери жана ЖОЖдордун окутуучулары үчүн маалымат технологияларын колдонуп стажировкаларды уюштуруу, Кыргыз Республикасында эл аралык агартуучулук экспедицияларын өткөрүү жолу менен, орус маданияты, адабияты жана Орусиянын билим берүүсү менен таанышуу жана Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн орус классикалык адабиятынын окурмандарынын эл аралык сынактарына катышуу боюнча долбоорлор бар. Ош шаарында М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу маселеси жана башка иш-чаралар каралууда. Ушул өңүттөн алганда биздин мамлекетте туруктуу жашаган орус тилдүү калктын руханий жана социалдык муктаждыктарын толук канааттандырышы үчүн орус тилинин статусун сактап калуу багытын уланта берет деп ишендиргим келет. Эгерде менин жубайым жөнүндө айта турган болсок, ал биздин өлкөнүн көптөгөн жарандары сыяктуу эле орус тилинде эркин сүйлөйт. Бирок үй-бүлөбүз менен салттуу түрдө эне тилибизде — кыргыз тилинде сүйлөшөбүз»,-деп билдирген мамлекет башчы.

Количество просмотров: 10135