• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Садыр Жапаров көк бөрүгө барды

20 Жалган куран 2023 9:37 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Ак-Кула ат майданында Нооруз майрамына карата республикалык көк бөрү улуттук оюну өтүп жатат.

19-марттагы оюнга президент Садыр Жапаров дагы күбө болду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Белгилей кетсек, быйылкы Нооруз майрамына арналган көк бөрү оюнунун жалпы байгеси жети миллион сомдун тегерегин түзөт.

Эске салсак, учурда тайпалык оюндар болуп жатат. 21-мартта жарым финал жана финалдык оюндар аталган ипподромдо өтөт.

Количество просмотров: 145