• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Садыр Жапаров качан абактан чыгат?

18 Теке 201918:00 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү 2017-жылдын 15-сентябрынан башталат. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы билдирди. Алардын түшүндүрүүсүндө, соттун өкүмүнө ылайык жаза мөөнөтү 2017-жылдын 15-сентябрынан баштап эсептелет. Ошондо Садыр Жапаров 2028-жылдын 5-апрелинде гана азаттыкка чыга алат.

Садыр Жапаровду 2017-жылы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 11 жарым жылга эркинен ажыратылды. Ал 2013-жылы Каракол шаарындагы «Кумтөр» кенине каршы митингде губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштургандыгы үчүн «башаламандык», «барымтага алуу» беренелери менен күнөөлүү деп табылган.

Садыр Жапаров 2017-жылдын 25-мартта кармалган. Ошол эле күнү УКМКнын алдындагы митингде анын бир тууганы жана уулу болуп 12 адам камоого алынган.

Количество просмотров: 48