• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Садыр Жапаров калаа тургундарын куттуктады

29 Чын куран 2021 10:46 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, Бишкек шаарынын күнү менен борбор калаанын тургундарын жана меймандарын куттуктады, — деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү:

«Ардактуу Бишкек шаарынын тургундары!

Кадырлуу меймандар!

Сиздерди Бишкек шаарынын күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Борборубуз — өлкөбүз үчүн өзгөчө шаарлардын бири. Анткени, кыргызстандыктар үчүн борборубуз дайыма толеранттуулуктун, жогорку маданияттын өзөгү, илим менен билимдин булагы болуп саналат.

Быйыл Бишкек шаарынын негизделгенине 143 жыл толот. Шаар күнүнө карата борбор калаабыз атын алып жүргөн даңазалуу Бишкек баатырдын айкелин орноттук.

Өлкөбүз эгемендик макамын алгандан бери борборубуз өз өнүгүүсүндө экономикалык, транспорттук, билим жана маданий борбору катары маанилүү баскычты басып өтүүдө.

Жаңы рынок шартында, шаар жаңы өзгөрүүлөрдүн толкунунда өз жолун оңой эмес шартта басып, өнүгүүдө. Бир миллиондон ашык калк жашаган Бишкек шаарында жаӊы имараттар курулуп, заманбап инфраструктуралык объектилер пайда болууда, жолдор оӊдолуп, көрктөндүрүлүп, кооз, жашыл, ыңгайлуу шаарга айланып келе жатат.

Бишкек шаарынын эң баалуу байлыгы — бул анын тургундары. Шаардын өнүгүп-өсүү тарыхында көптөгөн муундардын, түпкүлүктүү жашоочулардын жана тагдыр толкуну менен келип отурукташкан кесипкөй адистердин эмгеги жана салымы чоң. Бул байлыкты сактап калуунун, өнүктүрүүнүн келечек үчүн чоң мааниси бар.

Урматтуу шаардыктар жана коноктор!

Бишкек биз үчүн өнүгүп-өсүүгө дем берген, терең ишенимге жана асыл максаттарга кубаттаган, баардыгын жүрөгүнө батырган, жаркын келечекке үндөгөн, сүйүктүү шаарыбыз боло берет.

Бул үчүн биз баарыбыз жоопкерчиликтүү болууга үйрөнүшүбүз керек. Ар кимдин өзүнүн кичи мекени бар экендигине карабастан, борбор калааны сүйө жана баалай билиши зарыл. Бишкек — бул сиздер менен биздин үйүбүз. Биз үйүбүздү көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз.

Урматтуу бишкектиктер!

Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалаймын. Ар бир үйгө береке толуп, борборубуз — Бишкек мындан ары гүлдөп, өнүгүп өсө берсин!»

Количество просмотров: 69