• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Садыр Жапаров кыргыз тилден сынак тапшырды

13 Жетинин айы 2020 16:03 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-ноябрда, Президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде мамлекеттик кыргыз тил сынагын берди. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайтында маалымдалат.

Маалым болгондой, мамлекеттик тил сынагы беш субтесттен турат.

Тест лексикалык жана грамматикалык ченемдерди иш жүзүндө колдонуу, маалыматты угуп, окуп түшүнүү, өз оюн жазып жана оозеки түрүндө айта билүү жөндөмүн баалайт.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кыргыз тили боюнча сынакты ийгиликтүү тапшырды.

Количество просмотров: 2612